Таласта үрөнчүлүк борбордун өндүрүш жана экспорттук багыттары каралды

Таласта үрөнчүлүк борбордун өндүрүш жана экспорттук багыттары каралды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Талас шаарындагы KVS айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

KVS кооперативи үрөнчүлүк жана айыл чарба өндүрүмдөрүн экспортко чыгаруу багытында иш алып барган алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана негизинен жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүүгө адистешкен. Учурда кооператив ашкабактын үрөнүн Жапонияга экспорттоп, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары үрөнчүлүк борбордун жана жашылча өндүрүмдөрүн кайра иштетүүчү бөлүмдүн иши менен таанышты. Өзгөчө көңүл ашкабактан үрөн алынгандан кийинки калдыктарды кайра иштетүүгө бурулду. Бул чийки заттан шорпо жана кошумча азыктар өндүрүлүүдө.

Жолугушууда өндүрүштү кеңейтүү, кайра иштетүү кубаттуулуктарын жогорулатуу жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле министрдин орун басары 2030-жылга чейин ата мекендик өндүрүмдүн экспортун эки эсеге көбөйтүү максаты коюлганын белгилеп, бул багытта KVS сыяктуу ишканалардын ролу маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media