Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Аламүдүн Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейд жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа жана эндуро мотоциклдери менен жайыт жерлерге кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандар аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 7 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпысынан 38 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, жайыттарды бузууга себеп болгон транспорт каражаттары аймактан чыгарылды.

Рейд учурунда мототранспорт айдоочуларына жаратылыш аймактарында жүрүүдө белгиленген эрежелерди так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чара айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууну чектөө, ошондой эле жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо максатында уюштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мыйзамсыз кыйылган бактардан 24 миң сомго жакын зыян аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз кыйылган бактардан 24 миң сомго жакын зыян аныкталды

Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин аймагында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бак-дарактарды кыюуга уруксат берүүчү тиешелүү документтер жок экени аныкталган. Жаратылышка келтирилген зыян Министрлер Кабинетинин №224 токтомуна ылайык эсептелип, анын жалпы

Сузактын Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду

Сузактын Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Булак айылында 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси 2026-2027-жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 99 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1281 чарчы метрди

Кыргызстанда ветеринардык лабораториялар жана вакцина чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда ветеринардык лабораториялар жана вакцина чыгаруучу завод курулат

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгында Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институтунун базасында курулуп жаткан BLS-2 жана BLS-3 коопсуздук деңгээлиндеги ветеринардык лабораториялардын курулушу боюнча жумушчу жыйын өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйында лабораториялык комплекстен тышкары биологиялык каражаттарды, анын ичинде вирустук жана

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24