Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда
Учурда Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктарынан тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен аталган унаа жолдун 45–46-чакырым аралыгында сел жүргөн.
Кырдаалга байланыштуу тиешелүү жол тейлөө кызматтары ыкчам аракеттерди көрүп, аймакка атайын техникаларды тартты.
Ошондой эле жол кыймылы токтотулган эмес. Унаалар үчүн жол ачык болуп, эки тараптуу каттам бар.