Эл аралык уюмдар Кыргызстандын суу тармагына 172 млн доллар бөлөт

Эл аралык уюмдар Кыргызстандын суу тармагына 172 млн доллар бөлөт

Эл аралык каржы уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр Кыргызстандын сугат тутумун жаңылоо үчүн жалпысынан 172 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу "The Times of Central Asia" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, каражат өлкөдөгү сугат каналдарын жана ирригациясын жакшыртууга багытталат. Долбоор суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, дыйкандарды сугат суу менен туруктуу камсыз кылууга жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Эске салсак, июндун башында Дүйнөлүк банк Кыргызстандын сугат тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук программасын каржылоо үчүн 95,75 млн доллар бөлүүнү жактырган.

Мындан тышкары, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы 50 млн доллар, Эл аралык өнүктүрүү фонду 20 млн доллар бөлөт. Ал эми Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги 6,25 млн доллар өлчөмүндө грант берери айтылган.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделлдин айтымында, айыл чарба тармагы Кыргызстандын экономикасында маанилүү орунду ээлейт жана миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кыла алат. Бирок сугат тутумунун эскилиги жетип, суунун көп бөлүгү коромжуга учурап жаткандыктан, тармактын мүмкүнчүлүгү толук пайдаланылбай келет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media