Токмоктогу ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча тергөө башталды

Токмоктогу ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча тергөө башталды

22-июнда Токмок шаарындагы "Гавайи" эс алуу борборунун аймагында 22 адамдын катышуусунда ок атуу менен коштолгон жаңжал болду. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаштар арасындагы пикир келишпестик алгач кайым айтышуудан башталып, кийин мушташка айланган. Андан соң катышуучулар бири-бирин унаалар менен кууп жөнөшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, куугунтук учурунда ок атылганы угулуп, унааларга таштар ыргытылган.

Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 22 адам милицияга жеткирилип, беш унаа айып короосуна токтотулду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды