Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде 96 кызматкер кызматынан четтетилип, 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Элвира Сурабалдиева "атайын кызмат жемкорлукка тиешеси бар кызматкерлерден тазаланып жатабы?" деген суроосун узаткан.

Ага жооп берген Алишер Эрбаев Башкы прокуратура жарандардан түшкөн арыздар боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

"Башкы прокуратура элден келген 386 арыз боюнча тиешелүү иштерди алып барып жатат. Купуя сырлар да бар. Аларды айта албайбыз", — деди ал.

Белгилей кетсек, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМК төрагасы жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошоткон. Андан кийин атайын кызматтын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media