Ак-Жол айылында балыкты кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Ак-Жол айылында балыкты кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Бишкек шаарынын Ак-Жол айылында суткасына 18 тоннага чейин балыкты кайра иштетүүчү жаңы өндүрүш комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

“Вилби” ЖЧКсы ишке киргизген ишкана балыкты кайра иштетүү, жарым фабрикат жана даяр азыктарды чыгаруу, аларды заманбап муздаткыч кампаларда сактоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Ишкананын суткалык өндүрүшү 10 тоннага чейин жетет, ал эми бир жолку сактоо көлөмү 1500 тоннаны түзөт.

Долбоордун алкагында 100гө жакын жумуш орду түзүлөт. Бул иштер ата мекендик чийки затты кайра иштетүү жана экспорттук дараметти кеңейтүү боюнча мамлекеттик милдеттерге шайкеш келет.

Долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылганы белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү

Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыяланды

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду