Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын чакыруусу менен 22–23-июнда Лондондо өткөн "Жашыл шаарлар" программасынын инвестициялык жыйынына катышты.

Калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чара "Эртеңки күнгө инвестиция салуу: баарына жеткиликтүү жашыл жана туруктуу шаарларды калыптандыруу" деген ураан алдында өттү.

Жыйында шаарлардын туруктуу өнүгүүсү, инфратүзүмдү жаңылоо жана экологиялык багыттагы долбоорлорго басым жасалды. Ага шаар жетекчилери, эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү жана адистер катышты.

Сапардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы райондук жылуулук менен камсыздоо тутумун жаңылоо долбоору боюнча келишимдерге кол коюлду. Долбоордун жалпы каржылоосу 64 миллион еврону түзөт. Бул иш-чаралар жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, борбор калаада абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрү айтылды.

Ошондой эле сапардын алкагында ЕРӨБ жетекчилиги жана эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, Бишкекте мындан аркы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media