Казакстандан келаткан 8,5 тонна коон артка жөнөтүлдү
Казакстандан келген 8,5 тонна коон Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, "Чалдыбар" фитосанитардык көзөмөл постунда жүк текшерилип жаткан учурда жөнөтүүчү менен кабыл алуучу тууралуу маалыматтардын дал келбестиги аныкталган.
Бул жагдай Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргызстандын фитосанитардык талаптарын бузуу катары бааланды.
Департамент өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында көзөмөл туруктуу жүргүзүлөрүн белгиледи.