Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө 12,5 млн доллар жумшалат

Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө 12,5 млн доллар жумшалат

Сулайман-Тоону калыбына келтирүү иштерине Дүйнөлүк банк 12,5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк жалпы 16 млн доллар каражат бөлүп жатат. Анын 12,5 млн доллары Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө, ал эми калган бөлүгү Өзгөндөгү тарыхый мунаранын жанына музей курууга жумшалат.

Мамбеталиев белгилегендей, долбоордун ишке ашуусу ЮНЕСКО менен макулдашуу иштерине байланыштуу бир аз кечеңдеген.

Жакынкы мезгилде Сулайман-Тоодогу жарыктандыруу тутуму жаңыланып, үңкүр музейи калыбына келтирилет. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча курулат

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча курулат

Кадамжай районунда аз камсыз болгон жана жардамга муктаж жарандар үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Пайдубал түптөө аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, "Ассанабиль" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Кувейттеги Шейх Абдулла Нурий уюмунун жетекчилери катышты. Долбоордун алкагында 60 үй-бүлөгө ылайыкталган турак

Мыйзамсыз курулуп жаткан жатакананын курулушу токтотулду

Мыйзамсыз курулуп жаткан жатакананын курулушу токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын, Турусбеков көчөсүндө жайгашкан 3 кабаттуу жатакананын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 27 млрд долларды түздү

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 27 млрд долларды түздү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунаболгон жумуш сапарынын алкагында, “Жибек жолунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ­– Евразиянын жаңы энергиясы” аталышындагы “Кытай-Евразия” 9-ЭКСПОнун ачылыш аземине катышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Эрлист Акунбеков “Кытай-Евразия” ЭКСПОго үзгүлтүксүз негизде активдүү катышып келген Кыргызстан