Кооперативдер 185 млн сомдук бизнес-пландарды түзүштү

Кооперативдер 185 млн сомдук бизнес-пландарды түзүштү

26-июнда Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырган долбоорунун жыйынтыктоочу семинары өттү.

Уюмдун маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты фермерлерге жана кооперативдерге инвестиция тартуу жана бизнес жүргүзүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында болжол менен 100 адам, анын ичинде кооперативдердин өкүлдөрү жана Фермерлерди тейлөө борборлорунун кызматкерлери "RuralInvest" куралын колдонуу аркылуу бизнес-пландарды түзүүнү үйрөнүштү.
Долбоордун жыйынтыгында кооперативдер менен биргеликте жалпы суммасы 184 млн 840 миң сомду түзгөн 9 бизнес-план иштелип чыкты. Алардын ичинен "Саруу орток" жана "Барскооп" кооперативдери Ислам өнүктүрүү банкы менен 77,14 млн сомдук насыя келишимдерине кол коюшкан.

Ошондой эле жер-жерлердеги адистер үчүн колдонмо китептер даярдалып, фермерлердин бизнесин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө турган сунуштар берилди.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев белгилегендей, айыл чарба өлкөнүн экономикасы жана азык-түлүк коопсуздугунун негизги таянычы болуп саналат. Анын айтымында, фермерлерге субсидиядан тышкары каржы уюмдары менен бир тилде сүйлөшө алган көндүмдөр зарыл.

Уюм долбоордун жыйынтыгы менен иш токтоп калбай турганын, айыл аймактарындагы адистерди колдоо жана окутуу улантыларын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media