Орусияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралды

Орусияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралды

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Орусияда өткөн Санкт-Петербург XIV эл аралык юридикалык форумуна катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, форум — укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо маселелерин талкуулоого багытталган ири эл аралык аянтча.

Иш-чаранын алкагында Максат Асаналиев Орусиянын башкы прокурору Александр Гуцан, юстиция министри Константин Чуйченко жана Беларустун Тергөө комитетинин төрагасы Константин Бычек менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда укук коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, соттолгондорду өз өлкөсүндө жазасын өтөөсү үчүн өткөрүп берүү, кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Орусиядагы өкүлчүлүгүн ачуу демилгеси каралып, бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы укуктук кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатары белгиленди.

Тараптар жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Жыл башынан бери 20 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекеме жарандарга "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын негизинде кайрылман макамын берген. Күбөлүктү алган этникалык кыргыздардын ичинен 12си Тажикстандан, алтоо Кытайдан,

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда. Президенттин Талас

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык-инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда курулуш жана инфраструктура тармагына

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстандын жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын жолугушуусу өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эмгек миграциясын жөнгө салуу, жарандарды кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов эки өлкөнү бекем достук жана стратегиялык