Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана архитектура тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында курулган. Курулуш иштери 2025-жылдын күзүндө башталган.
Жалпы аянты 271,9 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта жыйындар залы, күтүү залы, архив, кабылдама, "Бирдиктүү терезе" кызматы жана техникалык бөлмөлөр жайгашкан.

Заманбап талаптарга ылайык салынган жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүп, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 10 жылдан бери курулушу бүтпөгөн турак жайдын маселеси каралды

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды