3-июлда жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт

3-июлда жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт

3-июлда Юристтер күнүн утурлай жарандарга өлкө боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Юстиция министрлиги билдиргендей, иш-чаранын максаты — жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана калктын укуктук маданиятын өнүктүрүү.

Бул күнү жарандар укуктук маселелер боюнча акысыз кеңештерди, мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөрдү жана адистердин жардамын ала алышат.

Бишкек шаары

  • Биринчи май району — Тыныстанов көч., 110, №24 мектеп
  • Ленин району — "Берекет Гранд" соода борбору, Чүй проспектиси
  • Свердлов району — Калкты тейлөө борбору, Жибек Жолу көч., 381
  • Октябрь району — "Оберон" соода борбору, 7-кичи район

Чүй облусу

  • Жайыл району — Кара-Балта ш., Кожомбердиев көч., 110
  • Панфилов району — Калкты тейлөө борбору, Борбордук көч., 24
  • Сокулук району — Сокулук айылы, Фрунзе көч., 116
  • Ысык-Ата району — Калкты тейлөө борбору, Кант ш., Ленин көч., 97
  • Токмок ш. — Калкты тейлөө борбору, С. Ибраимов көч., 1/1
  • Кемин району — Калкты тейлөө борбору, Ленин көч., 86а

Талас облусу

  • Талас ш. — Оторбаев көч., 215, "Глобус"
  • Ч. Айтматов району — Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көч., 17

Ош облусу

  • Ош ш. — Юстиция үйүнүн алдындагы аянт
  • Кара-Суу ш. — МЭЗ көч., 1
  • Өзгөн району — Борбордук базар аянты, Манас көч., 66
  • Алай району — Гүлчө ш., Нарматаев көч., 109
  • Ноокат ш. — Солтобаев көч., 33
  • Кара-Кулжа району — Кара-Кулжа айылы, Ч. Пазылов көч., 37
  • Араван району — Райондук мамлекеттик администрация, Ленин көч., 1
  • Чоң-Алай району — Райондук мамлекеттик администрация

Жалал-Абад облусу

  • Сузак району — Райондук мамлекеттик администрация аянты
  • Аксы району — Кербен ш., Т. Үмөталиев көч., 156, Калкты тейлөө борбору
  • Ала-Бука району — Ала-Бука айылы, Мамырбеков көч., 52
  • Базар-Коргон району — Базар-Коргон ш., Абдраимов көч., 2, Калкты тейлөө борбору
  • Кара-Көл ш. — Курулушчулар аянты, 1, Юридикалык жардам борбору
  • Ноокен району — Айыл өкмөтүнүн имараты (Д. Садырбаев ат.)
  • Тогуз-Торо району — Казарман айылы, Т. Молдо көч., 53
  • Чаткал району — Каныш-Кыя айылы, Т. Айдаров көч., 18

Баткен облусу

  • Баткен ш. — М. Нургазиев көч.
  • Кадамжай району — мэрия, Орозбеков көч., 200
  • Лейлек району — Раззаков ш., Раззаков көч., 21
  • Кызыл-Кыя ш. — Масалиев көч., 60

Ысык-Көл облусу

  • Каракол ш. — Алдашев көч., 59, Нариманов мектеби
  • Түп району — Түп айылы, Элебаев көч., Социалдык фонд имараты
  • Жети-Өгүз району — Кызыл-Суу айылы, Конкин көч., 49, Юстиция үйү

Нарын облусу

  • Нарын ш. — Ленин көч., 72, "Айыл Банк" имараты 1-кабат
  • Жумгал району — Чаек айылы, Э. Матыева көч., 127
  • Ак-Талаа району — Баетов айылы, Молдобасан көч., 26

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media