Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан орточо айлык акынын көлөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунга жайгашты. Бул тууралуу CEOWORLD журналынын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган изилдөөсүндө айтылат.

Рейтингге дүйнөнүн 200 мамлекети киргизилип, ал кызматкерлердин орточо таза айлык кирешесинин негизинде түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызстандагы орточо айлык акы айына болжол менен 335 долларды түзөт.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку орунду Орусия ээлеп, 32-орунга жайгашкан. Анда орточо айлык акы 2 миң 266 доллар деп көрсөтүлгөн. Казакстан 77-орунда (780 доллар), Түркмөнстан 80-орунда (761 доллар), Беларусь 83-орунда (728 доллар), Армения 89-орунда (648 доллар), Грузия 90-орунда (641 доллар), Өзбекстан 117-орунда (458 доллар), Кыргызстан 132-орунда (335 доллар), ал эми Тажикстан 138-орунда (276 доллар) орун алган.

Дүйнөдө эң жогорку орточо айлык акы Швейцарияда катталган. Бул өлкөдө кызматкерлердин орточо айлык кирешеси 8 миң 218 долларды түзөт. Андан кийинки орундарда Люксембург (6 миң 740 доллар), АКШ (6 миң 562 доллар), Исландия (6 миң 548 доллар) жана Норвегия (5 миң 772 доллар) жайгашкан.

Ал эми эң төмөнкү орточо айлык акы Палестинада (104 доллар), Лесотодо (131 доллар), Анголада (134 доллар), Малавиде (138 доллар) жана Малиде (141 доллар) катталган.

Адистердин айтымында, айлык акынын деңгээлине өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн тышкары баалардын өсүшү, жашоо наркы, эмгек базарынын абалы жана жумуштуулуктун түзүмү да олуттуу таасир этет. Жогорку киреше көбүнчө каржы, IT, энергетика, өнөр жай жана билим берүү тармактарында байкалат.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media