Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

28-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү боюнча подрядчы уюмдарга эскертүүлөрдү берди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 6 жаңы мектеп курулууда.

Алар:

Көк-Арт аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек жаңы конушундагы 375 орундуу мектеп;

Курманбек аймактык башкармалыгы, 750 орундуу мектеп;

Т. Тайгараев аймактык башкармалыгы, Чолок-Терек айылы, Т. Идирисова атындагы 375 орундуу мектеп;

Спутник аймактык башкармалыгы, 530 орундуу мектеп;

Достук аймактык башкармалыгы, Б. Осмонов атындагы 375 орундуу мектеп;

Достук аймактык башкармалыгы, Ж. Болотова атындагы 375 орундуу мектеп.

Аталган мектептер Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media