1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Antares Trade каржы пирамидасын уюштуруу жана анын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтенген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө учурунда аныкталгандай, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын июль айына чейинки мезгилде чет мамлекеттин жарандары С.Т., Д.М., Ч.Х., ошондой эле Кыргызстандын жараны Т.Т. алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын аймагында каржы пирамидасынын белгилерине негизделген инвестициялык схеманы уюштурушкан.

Жарандарды аталган схемага тартуу максатында шектүүлөр Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде компаниянын кеңсесин ачышып, үзгүлтүксүз презентацияларды жана жолугушууларды өткөрүшкөн. Анда жарандарга жогорку киреше, дивиденддердин кепилденген төлөмү жана салынган каражаттарды кыска мөөнөттө кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү убада кылынган.
Ошол эле учурда, Antares Trade компаниясы юстиция органдарында каттоодон өтпөгөнү, мыйзамдуу юридикалык макамга ээ болбогону жана өлкө аймагында реалдуу инвестициялык же ишкердик ишмердүүлүк жүргүзбөгөнү аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жарандардын акча каражаттарын мыйзамсыз тартууга байланыштуу 50 эпизод бир өндүрүшкө бириктирилген. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык зыяндын өлчөмү 1 061 198 долларды түзгөн.

Кылмыш иши боюнча олуттуу тергөө аракеттери жүргүзүлүп, жетиштүү далилдер топтолгон. Анын негизинде 2021-жылдын декабрь айында тергөө аяктап, кылмыш иши маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүлгөн.

Соттук кароонун жүрүшүндө С.Т., Д.М., Ч.Х. жана Т.Т. сот отурумдарына келбей, соттон жашырынып кетишкен. Ушуга байланыштуу аларга издөө жарыяланып, учурда издөө иш-чаралары улантылууда.

Ички иштер министрлиги издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана алардын сотко келишин камсыз кылуу боюнча мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media