Бишкектеги Исанов көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкектеги Исанов көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкек шаарында Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 30-июндан тартып Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат.

Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш иштери этап-этабы менен улантылып, Исанов көчөсүнүн кийинки тилкелери да курулуш иштеринин жүрүшүнө жараша ар бири 10 күндөн кезеги менен убактылуу жабылып турат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаар тургундарын жана айдоочуларды жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү көчөлөрдү пайдаланууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

30-июлда Ош шаарындагы борбордук аянтта  "Көчмөн жолу" аттуу эл аралык мотожүрүш өтөт. Иш-чаранын салтанатуу ачылышы  саат 15:30да башталат. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мотожүрүш VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып уюштурулууда. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келген 150гө жакын адам катышат. Алар өз өлкөлөрүнүн

65 млн сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

65 млн сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 га ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 га айыл чарба багытындагы жер

Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткен облусунда суурлардын жазгы санагы ийгиликтүү аяктап, жалпы 4 146 даана суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлгөн санак жапайы жаныбарлардын санын, таралышын жана популяциясынын абалын аныктоо максатында өткөрүлдү.

Чолпон-Атадагы Ч.Айтматов атындагы аллеясы оңдолду

Чолпон-Атадагы Ч.Айтматов атындагы аллеясы оңдолду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы аллеяда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоонун алкагында жалпы узундугу 3600 чакырым, туурасы 7 метр болгон аллея толугу менен жаңыланды. Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун кеңейтилген бөдүгүндө калыңдыгы 6 сантиметрге чейин аң-чөнөктөрдү