Агроөнөр жай тармагына 8 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Агроөнөр жай тармагына 8 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Жалпы көлөмү 12 млрд 985,7 млн сомду түзгөн 8 жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында акыркы 6 айда 8 млрд 163,6 млн сомдон ашык каражат айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каржылоо "Айыл чарбасын каржылоо – 14", "Агроөнөр жай комплексине насыя берүү", "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо", асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, суу үнөмдөөчү сугат тутумдарын каржылоо сыяктуу багыттар аркылуу ишке ашырылууда.

Негизги банктар катары Элдик Банк жана АБанк катышып, фермерлерге арзан насыяларды сунуштоодо.

Долбоорлордун алкагында айыл чарба техникасы лизинг аркылуу берилип, мал чарба, үрөнчүлүк жана сугат системаларын өнүктүрүү багытында да иштер жүрүүдө. Тактай кетсек, лизинг — бул мүлктү узак мөөнөткө ижарага алып колдонуп, акырында сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар каржылоо түрү.

Министрлик мындай каржылоолор өлкөнүн агрардык тармагын колдоого жана өндүрүштү кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында,  биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматында мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов менен "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушууда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна арналган товарларды өткөрүүдө бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелери каралды. Тараптар

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

Бүгүн "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын Финансылык-кредиттик фонддон кайра түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ал эми уюмдун жалпы тарыхы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд түзүлгөн учурдан тартып 29 жылды камтыйт. 2025-жылдын 17-июлунда Министрлер Кабинетинин токтому менен "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсы түзүлүп, анын

Ысык-Көлдө 800дөн ашуун конок үй саркынды суу тазалоочу курулмага туташкан эмес

Ысык-Көлдө 800дөн ашуун конок үй саркынды суу тазалоочу курулмага туташкан эмес

Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы туристтик сезондо иштеп жаткан 1267 туристтик объект бар. Алардын ичинен 800дөн ашык объектте саркынды сууну тазалоочу курулма жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Бекжан Султангазиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди. Билдирүүгө караганда, учурдагы туристтик сезондо