Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлгөнүн аныктаган.
Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, ири өлчөмдөгү айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.