Чүйдө 4,6 млн сомдук акциздик белгиси жок өндүрүмдөр табылды

Чүйдө 4,6 млн сомдук акциздик белгиси жок өндүрүмдөр табылды

Чүй облусунун Новопокровка айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик белгиси жок алкоголдук өндүрүмдөр жана күйүүчү-майлоочу майлар аныкталды.

Салык кызматынын маалыматына караганда, кампалардын биринен акциздик маркасы жок 436 даана алкоголдук ичимдик, ошондой эле жалпы көлөмү 13 миң 306 литр мотор майы табылган.
Алардын жалпы наркы 4 млн 617 миң 518 сомду түздү.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Тактай кетсек, акциз — алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана күйүүчү май сыяктуу айрым товарларга мамлекет тарабынан салынуучу кошумча салык.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунда курулуп жаткан ири соода-логистикалык борбордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара-Стоун” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип,

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар