Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча "Кыргызкөмүр" ААКсы көмүр алуу үчүн 5 млн 314,1 миң куб метр катмарды казып, даярдык көрдү. Бул көрсөткүч акыркы беш жылдагы эң жогорку деңгээл болуп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,6 эсеге көп.

Ишканадан билдиришкендей, аткарылган иштер кара алтынды казып алуу үчүн алдын ала топурак жана таштарды тазалоо, өндүрүш аянттарын ачып берүү багытында жүргүзүлдү.

Бул көрсөткүч өндүрүштү туура пландаштыруунун, эмгекти натыйжалуу уюштуруунун, заманбап тоо-кен техникаларын колдонуунун жана инженердик-техникалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнүн натыйжасы экени белгиленди.

Даярдык иштеринин көлөмүнүн көбөйүшү көмүр казып алуунун туруктуулугун камсыздап, алдыдагы күз-кыш мезгилине карата энергетикалык ресурстарды үзгүлтүксүз жеткирүүгө шарт түзөт.

"Кыргызкөмүр" ААКсы жетишкен натыйжа өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган маанилүү жыйынтык катары бааланууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда