Жумгалда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды
Нарын облусунун Жумгал районунда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2020-жылы Чаек айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштагы 0,21 гектар жер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган.
Башкы прокуратура билдиргендей, мындай иштер жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.