Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт.

Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу мейкиндиктер каралган.

Бүгүнкү күндө имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Учурда биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоо иштерине даярдык көрүү, ошондой эле курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media
Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку

Ишкер Media