Кемин районунда 2 таштанды ташуучу унаа жана 3 экскаватор тапшырылды
Кемин районунда коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу максатында жаңы муниципалдык техникалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аким Канболот Тутуев Кемин шаарынын мэриясына Районду өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатып алынган 2 даана таштанды ташуучу атайын унааны жана 1 даана экскаваторду тапшырды.
Ошондой эле Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорунун алкагында алынган бирден экскаватор Чоң-Кемин жана Кичи-Кемин айыл өкмөттөрүнө берилди.
Жаңы техникалар аймактардагы санитардык тазалыкты камсыздоого, коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга жана инфраструктуралык иштерди ыкчам жүргүзүүгө шарт түзөрү белгиленди.