Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды
Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган.
Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Министрлик курулуш компанияларын бардык техникалык талаптарды жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырды.

