Бажы кызматы 2,1 млн сомдук төлөмдү жашыруу аракетин аныктады

Бажы кызматы 2,1 млн сомдук төлөмдү жашыруу аракетин аныктады

Мамлекеттик бажы кызматы Түркмөнстандан Кыргызстанга ташылып келген текстиль өндүрүмдөрүнүн бажы наркын жасалма түрдө төмөндөтүү фактысын аныктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, "М.Т." ЖЧКсынын дарегине "Кант" бажылык тариздөө жайына салмагы 21,6 тоннадан ашкан өндүрүмдөр келген. Документтерди текшерүүдө реквизиттери бирдей, бирок товардын баасы ар башка көрсөтүлгөн эки эсеп-фактура табылган. Алардын биринде товардын баасы 11,5 миң доллар, экинчисинде 56,6 миң доллар деп көрсөтүлгөн.

Товардын чыныгы наркын тактоо үчүн Кыргызстандын бажы органдары Түркмөнстандын бажы кызматына суроо-талап жөнөткөн. Анын жыйынтыгында 56 миң 610 доллар деп көрсөтүлгөн баа туура экени ырасталган.

Кайра эсептөөнүн негизинде төлөнбөй калган бажы төлөмдөрү 2 млн 108 миң 794 сомду түзгөн. Бул каражат толугу менен мамлекеттик казынага өндүрүлүп, келтирилген зыяндын орду толтурулганы маалымдалды.

Топтолгон материалдарга юридикалык баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн