Бир жумада 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Бир жумада 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өлкө боюнча 29-июндан 4-июлга чейинки аралыкта жалпысынан 24 миң 985 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө эң көп катталган мыйзам бузуу түрлөрү төмөнкүлөр экени айтылды:
  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 2 539 учур;
  • Мас абалында унаа башкаруу — 362 учур;
  • Автоунаа айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 193 учур;
  • Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 238 учур;
  • Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 502 учур;
  • Автоээнбаштык — 52 учур;
  • Ылдамдык чектөөсүн ашыруу — 2 135 учур;
  • Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 6 учур;
  • Башка түрдөгү мыйзам бузуу фактылары — 9 267 учур.
Ошондой эле аталган мезгил ичинде 4 691 унаа айып короо жайына убактылуу токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, бири-бирине сылык мамиле кылууга жана жол коопсуздугу боюнча мыйзам талаптарын толук аткарууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media