Эки суур аткан жаранга 10 миң сом айып пул салынды
Панфилов жана Жайыл райондорунун токой чарба кызматкерлери кызматтык рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык фактысын аныкташты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдиришти.
Маалыматка ылайык, Корумду жайлоосу аймагында бир жаран мыйзамсыз түрдө 2 суурду атканы аныкталып, ага карата протокол түзүлдү.
Натыйжада, жаранга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Министрлик жарандарды аңчылык жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, мыйзамсыз аңчылыкка жол бергендерге карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн жана жаратылышка келтирилген зыян толук көлөмдө өндүрүлөрүн эскертет.