Манас районунда дан эгиндерин жыйнай башташты
Талас облусунун Манас районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл жалпы 1 950 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген.
Адистердин айтымында, учурда орточо түшүмдүүлүк гектарынан 30–40 центнерди түзүүдө. Бул көрсөткүч дыйкандар үчүн канааттандырарлык деңгээлде экени белгиленди.