Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 905 кг таштанды чыгарылды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча суулардан 86 миң 550 метр синтетикалык тор жана 1 миң 655 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Жүргүзүлгөн 160 рейддин жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары боюнча жалпысынан 953 миң сомдон ашык доо коюлуп, 320 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Текшерүүдө Ысык-Көлдө, Токтогул, Соң-Көл, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарында жүргүзүлдү. Ысык-Көлдөн 34 миң 600 метр, ал эми Токтогул суу сактагычынан 26 миң 300 метр тор чыгарылган.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдөн 905 кг, Токтогул суу сактагычынан 500 кг жана Киров суу сактагычынан 250 кг таштанды тазаланды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Жыл башынан бери 20 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекеме жарандарга "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын негизинде кайрылман макамын берген. Күбөлүктү алган этникалык кыргыздардын ичинен 12си Тажикстандан, алтоо Кытайдан,

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда. Президенттин Талас

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык-инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда курулуш жана инфраструктура тармагына

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстандын жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын жолугушуусу өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эмгек миграциясын жөнгө салуу, жарандарды кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов эки өлкөнү бекем достук жана стратегиялык