Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды
Нарын шаарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү жана заманбап тейлөө шарттарын киргизүү менен колдонуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурдагы күйүүчү майдын, электр энергиясынын баасы жогорулаган маалда автобус жана электробустардын каттамын туруктуу кармоо, тейлөө кызматынын жеткиликтүулүгүн камсыздоого байланыштуу чоңдор үчүн коомдук транспортто жүрүү акысын 20 сомго жогорулатуу демилгеленүүдө.
Ушундан улам Нарын шаардык мэриясы шаар тургундарынан онлайн сурамжылоо жүргүзүүнү баштады.