Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документтин негизги максаты — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Программаны ишке ашырууда беш негизги багыт каралган:

  • финансылык билим берүү системасын өнүктүрүү;
  • калктын ар кандай категорияларынын муктаждыктарын эске алуу менен финансылык сабаттуулукту жогорулатуу;
  • санариптик финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү жана финансылык коопсуздукту камсыз кылуу;
  • финансылык өнүмдөрдү жана кызматтарды жоопкерчиликтүү пайдалануу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;
  • финансылык сабаттуулуктун туруктуу институционалдык системасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү.
Долбоорду иштеп чыгууга финансылык жана санариптик чөйрөнүн өзгөрүшү, банктык жана банктык эмес финансылык кызматтардын көбөйүшү, виртуалдык активдердин жана жаңы финансылык технологиялардын өнүгүшү себеп болгон. Ошондой эле финансылык алдамчылык, социалдык инженерия жана жеке маалыматтарды туура эмес пайдалануу сыяктуу санариптик коркунучтардын өсүшү эске алынган.
2025-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык методологиясына ылайык жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда финансылык сабаттуулуктун жалпы индекси - 59% түзгөн.

Анын ичинде финансылык билимдин деңгээли 56%, финансылык жүрүм-турум — 69%, финансылык мамиле — 42%, ал эми финансылык бакубаттуулук 44% болгон.

Изилдөөгө ылайык, калктын болжол менен 59%ы жогорку деңгээлдеги финансылык стресске дуушар болууда. Жарандардын 34%ы гана финансылык билимдин минималдуу чегине жетет. Ал эми узак мөөнөттүү финансылык көз карашка ээ болгондордун үлүшү 7%ды түзөт.
Программада - балдар жана жаштар, аялдар, эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, айыл тургундары, аз камсыз болгон жарандар, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, жаңы ишкерлер жана башка топтор үчүн атайын финансылык билим берүү форматтарын киргизүү каралган. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маалыматтарды жеткиликтүү жана ылайыкташтырылган форматта берүү сунушталууда.

Программаны ишке ашырууга мамлекеттик органдар, Улуттук банк, билим берүү уюмдары, финансы рыногунун катышуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар тараптар тартылат.

Документ кабыл алынса, аны ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын бюджеттеринде каралган каражаттардын, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media
Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 166 миллион сомду түздү. Курулушту министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөгөн. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары,

Ишкер Media
Россия Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди

Россия Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди

Россияда иштеген Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгү чектелди. Бул тууралуу КРнын Социалдык фондунан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашуунун негизинде жарандар башка мамлекетте иштеген мезгили үчүн пенсия алуу укугуна ээ болушат. Аталган макулдашуу 2021-жылдын 1-январынан тартып колдонулуп келет. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан,

Ишкер Media