Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирүүгө макулдук берди. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин күйүүчү май импорттоо боюнча Казакстан жана Өзбекстанга кайрылган. Казак тарап азырынча жооп бере элек.

Министр ошондой эле Иран жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилери менен да бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтып, күйүүчү майдын жаңы жеткирүү булактарын табуу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.

Энергетика министрлиги июнь айынын башында Орусия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына күйүүчү-майлоочу май жеткирүү боюнча суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларусь да Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө макул болуп, алгачкы келишимдердин негизинде жеткирүүлөр башталганын билдирген.

Акыркы айларда Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган чабуулдардын кесепетинен күйүүчү май өндүрүү азайып, аймактагы рынокто бензин менен дизелдин тартыштыгы жаралган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан жылына болжол менен 2 млн тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 95%га жакыны Орусиядан импорттолот.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн