Абанын ысышынан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы жогорулап, тоолуу райондордо мөңгүлөр эриши ыктымал. Ал эми айрым аймактарда жаан-чачын болуп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Адистер жарандарды коопсуздук чараларын сактоого, сел коркунучу бар аймактарда этият болууга жана зарыл болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырууда.