Баткенде 10 млн сомдон ашык каражатка медициналык имарат курулду

Баткенде 10 млн сомдон ашык каражатка медициналык имарат курулду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курулуп бүттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, объект Баткенди өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык жана жергиликтүү казынадан каржыланды. Жалпысынан курулушка 10 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, жылытуу, таза суу жана саркынды суу тутумдары менен камсыздалды. Ошондой эле айланасы көрктөндүрүлдү.

Учурда имараттын сапаты текшерилип, жаңы медициналык борборду пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө. Ал шаар тургундары үчүн медициналык кызматтарды жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн