Бишкекте №54 мектептин жанындагы сейил бак жаңыланууда

Бишкекте №54 мектептин жанындагы сейил бак жаңыланууда

Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1,3 гектарды түзгөн аймак жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу эс алуу жайы түзүлөт.

Долбоордо эс алуу зоналары, балдар жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, жөө жана велосипед жолдору, ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.

Көрктөндүрүү иштеринде учурдагы жашыл бак-дарактар сакталат. Аймакка автоматтык сугаруу тутуму орнотулуп, жаңы көчөттөр жана көрк кошкон өсүмдүктөр отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 миң чарчы метрден ашат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?