Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды
Бишкекте тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 12 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар экстремисттик идеологияны жайылтуу, тыюу салынган материалдарды даярдоо жана таратуу менен алектенгени аныкталган.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө диний-экстремисттик мазмундагы адабияттар, электрондук маалымат, байланыш каражаттары, пневматикалык тапанчалар, акча жана учкучсуз учуучу аппарат табылган.
Аталган факт боюнча бийликти күч менен басып алууга чакырыктар, экстремисттик уюм түзүү жана каржылоо, ошондой эле экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери улантылып, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

