Быйыл психотроптук зат алып кирүүгө аракет кылган 14 чет өлкөлүк кармалды
2026-жылдын башынан бери Кыргызстанга психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү боюнча бир катар аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын мындай аракеттерине бөгөт койгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 14 чет өлкөлүк жаран кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600 даана таблетка, 150 даана капсула жана 10 даана сепкич алынган.
Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Министрлик психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү каражаттарды алып кирүү, сактоо же сатуу мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.
