Кочкор-Атадагы ишкер жаңгак, мисте жана кара өрүктү экспорттоону көздөөдө

Кочкор-Атадагы ишкер жаңгак, мисте жана кара өрүктү экспорттоону көздөөдө

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында айыл чарба өндүрүмүн сактоо жана экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган демилге ишке ашырылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жеке ишкер Акылбек Кадыркулов жаңгак, мисте жана кара өрүк даярдоо менен алектенип, келечекте өндүрүмүн Орусия жана Түркия базарларына чыгарууну максат кылат.

Бул үчүн ишкер "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарба кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жеңилдетилген каржылоодон пайдаланууну көздөөдө. Долбоордо айыл чарба азыгын сактоочу заманбап муздаткыч кампа куруу жана керектүү жабдууларды алуу каралган.

Учурда долбоордун адистери ишкерге бизнес-план даярдоо, кампаны уюштуруу, жабдууларды тандоо жана продукцияны сактоо боюнча кеңештерди берип жатышат.

Ошондой эле ишкер башка ийгиликтүү долбоорлор менен таанышып, тажрыйба алмашуу сапарына катышты.

Аталган долбоор айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өндүрүмдөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн