Манас шаарындагы №13 мектептин курулушу 60%га аяктады
Манас шаарында №13 жалпы билим берүү мектебинин курулуш иштери уланууда. Учурда имараттагы иштердин 60% аткарылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Объектте 70 курулушчу эмгектенет. Долбоорго ылайык, жаңы мектепте окуу класстары, китепкана, спорт зал, ашкана жана окуучулар үчүн зарыл болгон шарттар каралган.
Билим берүү мекемесин жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү мерчемделген.