Орловкадагы асма жолдо жарык өчкөн учур боюнча 20 миң сом айып пул салынды
Интернет булактарында тараган Орловка шаарындагы лыжа базасынын асма жолунда элект энергиясы өчкөнү тууралуу маалыматтан кийин жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда резервдик дизелдик генератор ишке киргенге чейин асма жолдун иши убактылуу токтотулганы аныкталган.
Аталган факты боюнча лыжа базасын иштеткен "Энтузиаст" ЖЧКсына коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле мекемеге коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.