Ош шаарында эл үчүн акысыз Ордо аянтчасы ачылды

Ош шаарында эл үчүн акысыз Ордо аянтчасы ачылды

Ош шаарында улуттук спортту өнүктүрүүгө багытталган жаңы Ордо аянтчасы ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аянтча шаардык спорт комитетине тийиштүү болуп, бардык каалоочулар үчүн акысыз жеткиликтүү.

Жаңы жайда ордо оюнун сүйүүчүлөр, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көргөн спортчулар да машыга алышат.

Ачылыш аземинде калаа мэри Жанарбек Акаев заманбап спорт менен катар улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаштар арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана салттуу оюндарды колдоо негизги максаттардын бири.

Ош шаардык мэриясы мындан ары да улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантарын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарынын тургундары мэрия өкүлдөрү менен жолугушту