Ошто жапайы кара куурайлар жок кылынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто жапайы кара куурайлар жок кылынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды жайылтуунун алдын алуу жана жапайы кара куурайларды жок кылуу боюнча иш-чаралар өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапалак, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктарында жана Манас-Ата кичи районунда жергиликтүү тургундар, айыл башчылар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан рейддер уюштурулду.

Анын жүрүшүндө жапайы өскөн кара куурайлар орулуп, жок кылынды. Ошондой эле тургундарга интернет жана социалдык тармактар аркылуу баңгизаттарды жайылтуу коркунучу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мэрия жарандарды шектүү баракчаларга жана "оңой акча табууну" сунуштаган жарыяларга ишенбөөгө чакырып, баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана сатуу жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунда курулуп жаткан ири соода-логистикалык борбордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара-Стоун” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип,

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар