Раззаковго багыт алган учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кайра Бишкекке конду

Раззаковго багыт алган учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кайра Бишкекке конду

9-июлда "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Бишкектен Раззаков шаарына багыт алган учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам "Манас" эл аралык аэропортуна кайра конду.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКнын маалыматына ылайык, учуу маалында экипаж техникалык көйгөй тууралуу эскертүү индикатору күйгөнүн байкаган. Коопсуздук максатында учкучтар көрсөтмөгө ылайык учакты Бишкекке кайтаруу чечимин кабыл алышкан.

Маалыматка караганда, экипаж жана жердеги кызматкерлер бардык аракеттерди тиешелүү нускамага ылайык жүргүзүп, учак аэропортко кадимки тартипте конгон.

"Жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу — авиакомпаниянын башкы артыкчылыгы. Asman Airlines түшүнүү менен мамиле кылган жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирип, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 7-июлда "Тез Жет" авиакомпаниясынын Бишкек–Ош каттамындагы учагы учуп көтөрүлүү маалында кырсыкка кабылган. Борттогу 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү коопсуз жайга чыгарылган. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн