Ысык-Көлдөгү балдардын ден соолугун чыңдоо борборлору текшерилди

Ысык-Көлдөгү балдардын ден соолугун чыңдоо борборлору текшерилди

Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу Ысык-Көл облусундагы "Ден соолук" жана "Дзержинец" балдардын ден соолугун чыңдоо борборлоруна барды.

Федерациянын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө лагерлердеги жатакана шарттары, балдардын тамактануусу, медициналык тейлөөсү жана коопсуздук чаралары текшерилди. Ошондой эле төрага лагердин кызматкерлери жана эс алып жаткан балдар менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жайда "Ден соолук" лагери 2400гө жакын, ал эми "Дзержинец" лагери 3200дөй баланы кабыл алып, өлкөнүн бардык аймактарынан келген миңдеген окуучулар эс алып, ден соолугун чыңдашат.
Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн балдары үчүн "Дзержинец" лагерине 10 күндүк жолдомо 13 миң сом, ал эми "Ден соолук" лагерине 11 миң сомду түзөт.

Мурадил Жумадилде уулу балдардын коопсуз жана сапаттуу эс алуусун камсыз кылуу федерациянын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media