Ак-Талаада экологиялык мыйзамдарды бузган 4 жаран аныкталды

Ак-Талаада экологиялык мыйзамдарды бузган 4 жаран аныкталды

Ак-Талаа районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат кагазы жок аңчылык куралын колдонуп жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Нарын регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, Жылаңач жайлоосунан аңчылык куралын мыйзамсыз колдонуп жүргөн Кеңеш айылынын тургуну М.А.К. кармалган.

Алынган курал Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, учурда тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Арпа суусунан балык уулоонун эрежелерин сактабаган жана тиешелүү уруксат кагазы жок үч жаран аныкталган. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык ар бирине 1000 сомдон, жалпы 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоого, экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырып, мыйзам бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media
Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук

Ишкер Media
Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media