Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте калкка жеткиликтүү баада эт сатуу үчүн заманбап көчмө фудтрактарды ишке киргизүү долбоору башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, фудтрактар "Кыргыз Агрохолдинг" тарабынан даярдалып, калаа мэриясы менен биргеликте шаардын бардык райондоруна жайгаштырылат. Сыноо иретинде 10 көчмө соода түйүнү ишке киргизилип, келечекте алардын саны көбөйөт.

Министр Эрлист Акунбековдун айтымында, долбоор республикалык казынадан эмес, мамлекеттик ишкананын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылды.

Фудтрактарда эт соода үстөк акысы кошулбастан сатылат. Учурда 1 кг эттин баасы 680 сом деп белгиленген. Социалдык багытты сактоо үчүн бир адамга 5 кгдан ашык эт сатылбайт.

Мэрия учурда фудтрак орнотуу үчүн 12 орун даярдалганын жана кошумча орундарды табууга даяр экенин билдирди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media
Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук

Ишкер Media
Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media