Эл аралык издөөдө 12 жылдан бери жүргөн оор кылмышка шектүү кармалды

Эл аралык издөөдө 12 жылдан бери жүргөн оор кылмышка шектүү кармалды

Ички иштер министрлиги Түркиянын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында 12 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.

ИИМдин маалыматына ылайык, Стамбул шаарында 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде каралган (алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан адам өлтүрүү) өзгөчө оор кылмышка айыпталууда.

Тергөө маалыматтарына караганда, 2014-жылы февралда Бишкек–Ош унаа жолунда чыккан жаңжал учурунда такси айдоочусу М.У. каза болгон. Кылмыш жасалгандан кийин А.Ш. өлкөдөн чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.

ИИМ белгилегендей, шектүүнү кармоо Кыргызстандын жана Түркиянын укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгынын, эл аралык маалымат алмашуу механизмдеринин жана заманбап технологиялардын жардамы менен ишке ашкан.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы жылдары чет мамлекеттерде жашырынып жүргөн, эл аралык издөөгө алынган бир катар адамдар кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

ИИМ кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media
Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук

Ишкер Media
Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media