Көл-Төр көлүндө ташкын коркунучун алдын алуу үчүн түтүктөр кайра орнотулду
Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүндө суунун деңгээлинин көтөрүлгөнүнө байланыштуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй району боюнча бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 7-июлда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда көлдүн суусу көтөрүлүп, 2025-жылы орнотулган түтүктөрдүн ажырап, чачырап калганы аныкталган.
Буга байланыштуу 9-июлда көлдөн ашып чыккан суунун агымы жер кыртышын жууп кетип, көлдүн ташып кетүү коркунучун жаратпашы үчүн узундугу болжол менен 400 метр, диаметри 150 миллиметрден жогору болгон түтүктөр кайрадан чогултулуп, бириктирилди.
Натыйжада көлдөн ашкан суулар түтүктөр аркылуу коопсуз түрдө төмөнкү агымга багытталды.


